Коом

ӨКМ: Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү ыктымал

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратып, дарыяларда сууну деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүшү мүмкүндүгүн билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, бүгүн, 30-майда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Жаан-чачындан улам дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлүүдө.

30-майдан 31-майга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-85 чакырымдарынын Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкүсү түшүүcү мүмкүн.

Адам өмүрүн сактоо максатында унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button