Саясат

Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү жана сыноо мөөнөтүн өтүү маселелери жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жарлыктын максаты мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчынын кесиптик билимдеринин жана иш көндүмдөрүнүн ээлеген кызматына ылайыктуулугун аныктоо.

Өлкөнүн жаңы мамлекеттик кадр саясатынын негизги милдети мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын зарыл квалификацияга ээ болгон кызматчылардан турган жогорку кесипкөй аппаратын түзүүнү камсыз кылуу болуп саналат.

Бул саясатты ишке ашыруунун алкагында бул жарлык менен бекитилет:
— Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын аттестациялоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо;
— Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында сыноо мөөнөтүн өтөөнүн тартиби жөнүндө жобо.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button