Саясат

Президент Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары аяктады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 1-2-июнда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Чолпон-Ата шаарындагы 17 жылдан бери токтоп турган «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачты.

Ошол эле жерде Садыр Жапаров Ысык-Көл районундагы жалгыз «Билим Ордо» мектеп-комплексинде болуп, окуучуларды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

Ошондой эле, ал мамлекеттик мекеменин балансындагы үлгүлүү эс алуу үйү болгон Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинин «Дельфин» спорттук-ден соолук чыңдоочу лагеринин иши менен таанышты.

2-июнда Мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Маррини кабыл алды.

Андан соң Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы таланттуу балдар үчүн президенттик мектептин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, анын курулушун жаңы окуу жылына чейин бүтүрүүнү тапшырды.

Иш сапарын аяктап, Президент Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button