Коом

Бишкекке Индиянын тышкы иштер жана маданият министри келди

Кыргызстанга Индиянын мамлекеттик тышкы иштер министри жана мамлекеттик маданият министри Минакши Лекхи жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жумушчу сапар эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына карата уюштурулган. Анын алкагында соода-экономикалык, инвестиция жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу боюнча маселелер талкууланат.
Минакши Лекхи бир эле учурда Индиянын башкаруучу партиясынын (Bharatiya Janata Party) жана парламенттин төмөнкү палатасынын мүчөсү болуп келет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button