Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин 14-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Мишустин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугуат. Алар эки өлкөнүн кызматташтыгын, анын ичинде соода-экономикалык мамилелер, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана интеграциялык бирикмелердин алкагында иш-аракеттерди координациялоо маселелери каралат.
Ошондой эле ал президент Садыр Жапаров менен жолугат.

