Бишкектеги Ак-Босого конушунда 11 күркө алынды


Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Маалым болгондой, Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы Ак-Босогодогу П. Зима жана Архитектор көчөлөрүнүн кесилишинде 11 күркө уруксат кагаздары жок орнотулганын аныктаган.

Жыйынтыгында алардын бешөө «Тазалыктын» кызматкерлери тарабынан алынса, калган алтоону ээлери өздөрү алган.

Бишкек шаарынын мэриясы ишкерлерди соода объектилерин орнотууда жана иштетүүдө мыйзам талаптарын так сактоого чакырат.