Коом

Ошто таштанды чогултуу үчүн стационардык аянтчалар долбоору ишке кирди

«Ош — Тазалык» муниципалдык ишканасы тиричилик таштандыларын чогултуу үчүн стационардык аянтчалардын жаңы долбоорун ишке киргизди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Ишкана жетекчиси Нурбек Исмаиловдун айтымында, аталган пилоттук долбоордун алкагында эки стационардык участок уюштурулат. Ал жерде контейнер жана таштанды сорттогон диспетчер болот. Ал курулуш жана соода калдыктарын уруксатсыз ыргыткандарды көзөмөлдөйт.

Жалпысынан шаарда 10го жакын стационардык участок уюштуруу пландалып жатканы айтылды. Долбоор шаардын экологиялык абалын жакшыртууга багытталган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button