Кыргыз маданияты жана журналистикасы дагы бир таланттуу калемгеринен, чыгармачыл инсанынан айрылды. Журналист, аткаруучу, акын, коомдук ишмер Сонунбү Кадырова 59 жаш курагында акка моюн сунду.
Кадырова Сонунбү Эргешовна 1966-жылдын 8-февралында Ош облусунун Алай районуна караштуу Бүлөлү айылында жарык дүйнөгө келген. Алгач педагогикалык билим алып, 1981–1985-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайынын мектептер бөлүмүн бүтүргөн. Андан соң журналистика тармагына кадам таштап, 1997-жылы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Эмгек жолун 1985–1988-жылдары мектепте мугалим болуп баштаган. Бирок өмүрүнүн негизги бөлүгүн тележурналистикага арнап, коомчулукка таанылган чыгармачыл теледолбоорлорду ишке ашырды. 1997-жылдан ушул күнгө чейин Улуттук телерадиокорпорацияда редакторлук кызматты аркалап, көптөгөн ири телеберүүлөрдү көрүүчүлөргө тартуулады.
Эмгеги мамлекет жана мекемелер тарабынан жогору бааланды:
КР Билим, илим жана маданият департаментинин “Ардак грамотасы”;
УТРКнын 50 жылдык мааракесине карата “Ардак грамота”;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ардак грамотасы”;
“УТРКнын мыктысы” төш белгиси;
“Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.
Сонунбү Кадырова “Алтын тизме”, “Замандаш”, “Айыл ажары” сыяктуу телеберүүлөрдү элдин сүймөнчүлүгүнө айландырды. 2019-жылдан тартып “Абаз” теледолбоору аркылуу чыныгы таланттарды элге таанытып, жаштардын чыгармачылык жолуна багыт берди.
2023-жылдан тартып өлкөнүн 18 районун кыдырып, “Ыр кесе” берүүсүн кайрадан жандандырып, элибиздин руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү ишке ашышына салым кошту.
Сонунбү Эргешовна — Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү, “Сонун дүйнө”, “Сүйүнчү”, “Бар болуңуз” аттуу китептердин автору. Коомдук иштерге да активдүү катышып, 2005–2015-жылдары “Алтын тизме” коомдук фондунун төрайымы, 2018-жылдан бери “Энелер жолу” коомдук бирикмесинин президенти болуп иш алып барган.
Сонунбү Кадырованын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.
Анын үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

