Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрлик белгилегендей, министр Бакыт Төрөбаев Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматына эттин дүң баасын түшүрүү тууралуу тапшырма берген.
Ошондой эле Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына эттин чекене баасын көзөмөлдөө боюнча милдет жүктөлгөн. Ага ыйлайык, эттин баасы 700 сомдон төмөн болушу керек.
Ошондой эле Төрөбаев мамлекеттик ишканаларга уйдун этин ташып келүүнү тапшырган.

