Коом

Бишкекте мектеп директорлук кызматына 56 бош орун бар

Бишкекте мектеп директорлук кызматына 56 бош орун бар. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле мэриянын билим берүү башкармалыгынын өткөргөн мониторингине ылайык, калаанын муниципалдык билим берүү уюмдарынын 61 жетекчиси 5 жылдан ашык иштегени аныкталган.

«Учурда Бишкек шаары боюнча борбордун жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат ордуна 56 бош орун бар. Ошондой эле мамлекеттик, муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоонун тартиби Билим берүү жана илим министрлигинин 2022-жылдын 14-июлундагы «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо жөнүндө» буйругу менен жөнгө салынат», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button