Саясат

Президент бир катар жергиликтүү соттордун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон Жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров бир катар жергиликтүү соттордун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна жана 31-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин тартип жазасын колдонуу жөнүндө сунушу боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Туражанова Жамиля Асадуллаевнанын жана Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун судьясы Каримбеков Ниматилла Исмаиловичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Алар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызматынан судьянын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузгандыгына байланыштуу бошотулду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button