Коом

Адылбек Бийбосунов Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушту

2022-жылдын 10-сентябрь күнү Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Ош облусунун Кара-Кулжа районунун жашоочулары менен жолугушту.

Андан сырткары, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин тѳрагасынын орун басары Бакыт Тѳрѳбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу ѳкүлү Зиядин Жамалдинов жергиликтүү тургундар менен жолугушууга катышты.

Жолугушуу Кара-Кулжа райондук Маданият үйүнүн жыйындар залында өттү. Жыйындын башталышында бийлик өкүлдөрү эл менен учурашып,  жыйын эркин, суроо-жооп иретинде болоорун, жарандардын жеке маселелерине, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнѳ байланыштуу  кѳйгѳйлүү суроолорго жооп берип, жакындан кабар алуу максатында келишкендигин билдиришти.

Бийлик ѳкүлдѳрү: жер-жерлерде укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнѳ карата наразычылыктар пайда болуп жаткандыгынын бирден-бир себеби — мыйзамдардын тез-тез алмашып жаткандыгына байланыштуу экендигин баса белгилешти.

Жыйындын жүрүшүндѳ Кара-Кулжа районунун жыйынга келишкен жашоочулары  жеке маселелери боюнча суроолорун беришти.

Мындагы жашоочулар негизинен:

— Райондун борбору менен байланыштырган айылдарга баруучу жолдордун абалы;

-Райондун аймагындагы айылдарга сугат суунун жетишпестиги;

-Үлүш жерлерди пайдалануудагы ар түрдүү кѳйгѳйлѳр;

-Райондун аймагында турак-жай куруу үчүн бѳлүнгѳн жер тилкелер боюнча;

-Жайлоодогу жайыт талаш маселеси;

-Таза суу жана саркынды агып чыгуучу канализацияны оңдоо;

-Турак жай тилкелерин бѳлүштүрүү;

— жѳлѳк пул (пособия) алуу кѳйгѳйлѳрү ж.б маселелер айтылды.

Бул багытта арыз менен кайрылган жарандардын арыздарын жеринде тийиштүү кызматтар кабыл алышты.

Ал эми жарандар тарабынан ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан терс маселе кѳтѳрүлгѳн жок.

Адылбек Бийбосунов жарандардын милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнѳ байланышкан арыз-даттануулар болсо ар дайым кабыл алууга даяр экендигин жана ал багытта мыйзам чегинде чечилүүсү боюнча тыкыр кѳзѳмѳлгѳ ала тургандыгын билдирди.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, анда жарандар бийлик өкүлдөрүнө жеке көйгөйлөрү, район ичиндеги социалдык-экономикалык маселелер боюнча суроолорун беришти. Жыйындын катышуучулары ушундай жолугушууларды уюштуруп жарандарга арыз-даттанууларын айтып алганга мүмкүнчүлүк түзүп беришкендиги үчүн ыраачылык билдиришти.

Жыйындын соңунда Башкы прокурор К.Зулушев түшкѳн арыздар боюнча юридикалык баа берилип мыйзам чегинде карала тургандыгын маалымдады. Айрым кызматтарга жеке сунуштарды берди.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө жана жарандардын турмуш-тиричилигине байланышкан маселелери боюнча жеринде кабар алуу жана аны чечүү тапшырмасын аткаруу үчүн уюштурулууда.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button