Саясат
Умбриэль Темиралиев Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды
Умбриэль Темиралиев президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
«Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Конституциясынын 71-беренесине ылайык, Темиралиев Умбриэль Темиралиевич президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалды», — деп айтылат маалыматта.