Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине ылайык балдар-Кыргыз Республикасынын эң маанилүү баалуулугу. Мамлекет балдардын ар тараптуу руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана дене-бой жактан өнүгүүсүнө, аларды жарандык-мекенчилдик жактан тарбиялоого өбөлгө түзүүчү шарттарды түзөт.
2025-жылдын 6-айында Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБнын тергөөчүлөрү тарабынан балдарга карата жалпы 68 кылмыш иши козголгон, анын ичинде тоноо – 6, уурулук – 24, каракчылык – 1, тентектик – 5, зордуктоо – 7, ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү- 1, алдамчылык -10, жол эрежесин бузуу автомототранспорт каражатын эксплуатациялоо- 4, башка кылмыштар — 10.
Ушул эле мезгил ичинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ИИБнын тергөөчүлөрү тарабынан балдар тарабынан жалпы 88 кылмыш иши козголгон, анын ичинде тоноо – 18, уурулук – 38, каракчылык – 4, тентектик –13, зордуктоо – 1, ден соолукка оор алал келтирүү- 1, алдамчылык -3, опузалап талап кылуу — 1, башка кылмыштар — 9.
Анын ичинен, кылмыштуулукту жашы жете элек өспүрүмдөр тарабынан көп учурда 14-18 жаштагы өспүрүмдөр кылганы көрүнүп турат.
Ошону менен бирге, талдоолорго, иликтөөлөргө таянганда жашы жете элек өспүрүм балдардын кылмыштуулукка барышынын себеби, балдар бош, эч нерсе менен алектенбегендиги, ата-эне, камкорчу тарабынан көзөмөлдүн жоктугу жана тиешелүү түрдө билим, тарбия бербегендиги, тиешелүү тараптын кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин талаптагыдай аткарбагандыгы болуп саналат.
Биринчи май райондук прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан жашы жете элек өспүрүмдөр арасында жана аларга карата кылмыштуулукту болтурбоо максатында жерлерде, алдын алуу боюнча аткарылган иштин жыйынтыгына анализ жүргүзүлүп, прокурордук актылар келтирилип турат.
Баарыбызга белгилүү болгондой, балдарды тарбиялоо үйдөн башталат, буга байланыштуу быйыл район прокурорунун демилгеси менен тийиштүү мамлекеттик ведомстволордун жетекчилеринин катышуусу менен мектептердин окуучуларынын жана ата-энелери менен систематикалык кеңири жолугушуулар өткөрүлдү

