Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтомго ылайык, жылкы, бодо мал, кой-эчкилерди чет өлкөгө сатууга болбойт. Тыюу салуу алты айга созулат. Мындай чечим эттин баасы кымбаттабашы үчүн кабыл алынган.
Бул тыюу салуу Кыргызстан аркылуу ташылып өткөн мал-жандыкка, мелдештерге бараткан, бир өлкөгө, эл аралык уюмдарга же айрым адамдарга белекке бериле турган жылкыларга тиешелүү эмес.

