Бишкектеги президенттин администрациясынын имараты «Ынтымак-Ордодо» президент Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жолугушуусу өтүүдө.
Учурда президенттер тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.
Эскертке кестек, Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга 21-августта расмий сапар менен келген.
Сапардын алкагында президенттер эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулап, Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин кезектеги жетинчи жыйыны өтөт.
Ошондой эле эки президент Ынтымак паркында «Достуктун алтын көпүрөсү» монументинин ачылышына катышат.

