Саясат

Садыр Жапаров Түркия президенти Эрдоганга көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга көмүр кениндеги жарылуунун натыйжасында жумушчулардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

«Түркиянын Бартын провинциясынын Амасра районунда, көмүр шахтысында 14-октябрда орун алган жарылуунун натыйжасында көп сандаган адамдардын курман болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандарга тезирээк сакайып кетишин каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button