Кыргызстанда үйлөрдүн 20%ы камсыздандырылган


Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев билдирди.

Маалыматка ылайык, турак жай фондунда 1 млн 200 миң үй катталса, анын 230 миңи камсыздандырылган деп эсептелет.

Былтыр түрдүү кырсык болгон учурда камсыздандырылган турак жайларга 73 млн сом төлөнүп берилген.