Президент 15тей чек ара жана бажы кызматкери кармалганын билдирди


11-октябрда Баткен облусунун Лейлек районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда президент Садыр Жапаров жакында 15тей бажы жана чек ара кызматкерлери жапырт кармалганын билдирди.

Жапаровдун айтымында, алар аткезчилик менен ташылып кирген жүктөрдөн акча чогулутуп турган.

«Мен 2020-жылы кызматка киришкенден бери бажы жана чек ара кызматкерлерине бизге бир да контрабандалык товар кирбесин деп талап коюп келем. Ал эми импорт товарларга бажы төлөмдөрүн төлөш керек. Бюджеттин өсүп жатканы ошонун эсебинен. Ар бир айыл контрабанда менен алектенсе, мен кантип экономиканы көтөрөм? Кантип силер сурап жаткан акчаны берем? Кечээ он бешке жакын чек ара жана бажы кызматкерлери кармалды. Жалаң контрабанданы киргизип, отуруп алып акча жыйнап жатышат. Мен видеосун көрдүм. УКМК жашыруун камера койгон экен. Камераны он беш күн койгон экен, экөө кирип алып, конвейердей эле», — деди Жапаров.