Өзбекстандын Хива шаарында 12-октябрда Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында «Хива – Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору – 2026» жылынын расмий ачылыш аземи өттү.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркиянын өкүлдөрү катышты. Кыргызстандын делегациясы да жаштар арасындагы кызматташтыкты чыңдоого жана мамлекеттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган иш-чарага катышты.
Ачылыш аземинин алкагында түрк мамлекеттеринин жаштарынын ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана биргелешкен демилгелерди колдоо маселелерине көңүл бурулду.
Ошондой эле катышуучу өлкөлөрдүн өкүлдөрү жаштар саясатынын артыкчылыктуу багыттарын талкуулап, ийгиликтүү тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Келечекте биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү да каралды.
«Хива – Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору – 2026» демилгеси жаштардын билим берүү, маданият, инновация жана коомдук өнүгүү багыттарындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, ошондой эле түрк мамлекеттеринин жаштарынын ортосундагы достук мамилелерди бекемдөөгө багытталган.

