Коом

7-декабрга карата аба ырайы

Шаршембиде тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Дыйканчылык аймактарда жана өрөөндөрдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Айрым жерлерде туман түшүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында -2…-7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -1…+4, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +1…+6, ал эми Нарында -3…-8 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -4…-6 жана Ош калаасында 0…+2 градус болот.
8-декабрга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүү кооптуулугу бар. Жолдордо муз тоңуп тайгак болот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button