Тиешелүү мыйзам долбоорду депутат Эмил Токтошев иштеп чыгып, документ коомдук талкууга чыгарылды.
Документте айтылгандай, акыркы жылдары Кыргызстанда альпинизм жана тоо туризми активдүү өнүгүп жатат. Бирок учурда бул тармакты тескей турган мыйзам жок. Ошондуктан коопсуздук, экологиялык жоопкерчилик жана уруксат кагаз алуу маселелерин жөнгө салуу үчүн «Альпинизм жөнүндө» мыйзам даярдалды.
Мыйзам долбооруна ылайык, 6000 метрден бийик тоолорго чыгууну каалаган жарандар уруксат кагаз алып, ал үчүн акы төлөш керек. Уруксат кагаздын баасы, аны алуунун тартиби сыяктуу маселелерди өкмөт чечет.
Уруксат кагазды берүүдөн түшкөн акча тоодогу инфраструктураны (тоо лагери, байланыш системасы ж.б.) жакшыртууга, куткаруу операцияларына, жаратылыш аймактарын коргоого жумшоого болот.
Ошондой эле чокуга чыгып жаткан альпинисттер камсыздандыруу жасатышы керек. Ал 6000 метрден бийик тоого чыгып жатканда, аны жандап, жол көрсөтө турган коштоочусу болушу шарт. Альпинист ал менен келишим түзүп, көрсөткөн кызматы үчүн акы төлөп бериши кажет.
Тоого чыгып жаткан экспедиция өзүнүн артынан таштандыларды, калдыктарды тоого таштап койбой, аларды атайын капка же идишке чогултуп, жерге ала түшүшү зарыл.

