УКМК эл аралык террористтик уюмдун мүчөсүн кармады


КР УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча терроризмге каршы иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө, үстүбүздөгү жылдын апрель айында террористтик ишмердүүлүк күчөгөн араб мамлекеттеринин биринде жүргөн жеринен «Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмунун мүчөлөрү тарабынан жалданган жана интернет аркылуу террордук чабуул жасоо боюнча көрсөтмөлөрдү изилдеген Кыргыз Республикасынын жараны М.М.М. кармалган, ал Кыргыз Республикасынын аймагына үстүбүздөгү жылдын июнь айында келген.

Ошону менен бирге, шектүү М.М.М. социалдык желелер аркылуу диний материалдарды жүктөп, арасында «ИМ» ЭТУга тийиштүү видео материалдарды чыгарган.
Учурда КР УКМКнын Тергөө башкармалыгы тарабынан 332 беренеси менен иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тийиштүү тергөө амалдар жүргүзүлүп жатат.
Бул фактынын негизинде М.М.М.га карата кылмыш иши козголду. КР Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинде каралган кылмыштын негизинде кармалган адам КР УКМКнын Тергөө абагына киргизилип, зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.