Оштогу «Авангард» медициналык борбору мамлекетке кайтарылды


КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан «Касиет» жана «Авангард» медициналык борборлорунун жер тилкелерин мыйзамсыз алып коюу фактылары аныкталган.


Тактап айтканда, Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн жер тилкелерин мамлекеттик менчиктен чыгарууда коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Айыпталуучулардын бири Г.А.Н. аттуу жарандын жана ага тиешеси бар адамдардын мүлкүн текшерүүнүн натыйжасында, 2005-2007-жылдар аралыгында жер тилкелери соттун мыйзамсыз чечимдеринин жана жасалма документтердин негизинде муниципалдык менчиктен алынган жогоруда аталган медициналык мекемелер аныкталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын «Касиет» медициналык борбору Ош шаардык мэриясынын балансына өткөрүлгөн. Ошондой эле, «Авангард» медициналык борбору Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын балансына кайтарылган.
КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча ишин улантууда.