Кеминде жардыргыч зат чыгаруучу завод ачылды


Завод тоо-кен тармагында, жер астындагы жана ачык шахталарда колдонулуучу жардыргыч заттарды өндүрөт. Минкаб башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ал мындай продукция адатта Кумтөр, Жер-Үй, Терек-Сай кендеринде жана Камбар-Ата — 2 ГЭСинде колдонулганын белгилеген. Жардыргыч затты жол жана ирригация долбоорлорунда да пайдалануу каралып жатат.

Ишканага 700 млн сом инвестиция салынган, 100дөн ашык жумуш орду түзүлдү.