Токмокто мотоцикл айдоочу жүргүнчүлөрдү сүзүп, наристе чарчап калды


Кечээ, 7-сентябрь күнү болжол менен саат 23:30 чамасында Токмок шаарынын Ленин көчөсүндө 2002-жылы туулган жаран ак түстөгү Эндуро маркасындагы мотоцикл менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, жөө жүргүнчүлөрдү сүзгөн.

Кесепетинен 2004-жылы туулган Ш.Р.С. травматология бөлүмүндө жаткырылган. Ал жөө өтмөк жок жерден өтүп бара жаткан.

2004-жылы туулган С.Ф.Я. да ооруканага жатыкырылган. 2024-жылы туулган наристе алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон. Азыркы учурда аталган факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.