Милиция кызматкерлери мушташка катышкан үч жаранды кармады


Кечээ, 8-сентябрда саат 04:00дөр чамасында «102» кызматына Бишкек шаарындагы Дэн Сяопин менен Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлүп, милиция кызматкерлери мушташка катышкан үч жаранды кармашкан.

2002-жылы туулган жабырлануучу медициналык мекемеге жеткирилген. Ал арыз жазуудан баш тарткан.

Кармалгандарга Укук Бузуулар кодексинин 126-беренеси («Майда бейбаштык») боюнча протоколдор түзүлүп, учурда Ленин РИИБдин убактылуу кармоо жайында.