Жубайларга кол салган 4 адам кармалды


Буга чейин соцтармакта «Vefa» соода борборунда төрт жаран жубайларга кол салганы айтылган видео тараган.

Окуя боюнча Бишкектин Биринчи май РИИБ маалымат берип, ээнбаштыкка шектелип 4жаран кармалганын билдирди.

Шектүү катары 2004-жылы туулган М.Р., 2004-жылы туулган И.К., 1992-жылы туулган Б.Б. жана 2001-жылы туулган А.А. аттуу жарандар кармалып убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө амалдары уланууда.