Башкаларга насыя алдыртып, төлөбөй жүргөн эки жаран кармалды


Кара-Сууда документтердин жасалмасын жасоо аркылуу башкаларга насыя алдыртып, төлөбөй жүргөн эки жаран кармалды

2025-жылдын июль айынын аягында Кара-Суу райондук ИИБге 11 жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Маалым болгондой, жаран Х.Т. 2024-жылдын декабрь айынан баштап, 2025-жылдын июнь айына чейинки убакытта Кара-Суу шаарында жайгашкан сактык кассалардын биринин кредит бөлүмүнөн жабырлануучуларга 250 000 сомдон 500 000 сомго чейинки насыя акчаларын алдырып, алынган акча каражатынын көп өлчөмүн өзү алып, ал эми ай сайын төлөнүүчү акча каражатын төлөөнү убадалап, бирок төлөбөй койгон.

Аталган окуя Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, аталган кылмыш иштерине шектүү катары Кара-Суу шаарынын тургундары Х.Т. жана сактык кассанын кредит бөлүмүнүн мурдагы адиси Б.Г. кармалган.

Тергөө аракеттеринин жыйынтыгында шектүүлөр Х.Т. менен Б.Г. жалпы 4 миллион сомдон ашык насыя кредиттерин алышып, анын көбүн өздөрүнүн пайдасына коротушканы аныкталган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүмү (Документтердин жасалмасын жасоо) менен кылмыш иши козголуп, айыпталуучуларга бөгөт коюу чарасы катары башка жакка чыкпоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

Бүгүнкү күндө, дагы башка фактыларын аныктоо максатында тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Урматтуу жарандар, эгерде жогорудагы кармалган жарандардан жабыр тарткандар болсо же алар жөнундө маалымат билсеңиздер, анда 0990019090, 0551763076 номурларына кайрылсаңыздар болот.