Бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үч окууда жактырылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Жыйында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев баяндама жасап, мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого, тарыхый инсан, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан сактаган айкөл Манас атанын атын Жалал-Абад шаарына ыйгарууга багытталганын билдирди.
Эскерте кетсек, 3-сентябрда калаанын мэри Эрнисбек Ормоков шаардык кеңешке Жалал-Абадды Манас шаары деп атоону сунуштап, бул демилге депутаттардын колдоосун тапкан.

