Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы «Ала-Тоо Резорт» курортунда негизги 5 жылдыздуу мейманкананын котлаваны казыла баштады. Бул тууралуу «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Жыргалаңда салына турган бул мейманкананын жеринин жалпы аянты 156.6 сотикти түзөт.
Жакынкы арада башка мейманканалардын, VIP-коттедждердин жана модулдук үйлөрдүн курулушу башталат.
Ошондой эле ушул тапта курорт жайгаша турган аймакта асма жолдун курулушу да кызуу жүрүп, тирөөчтөрдүн пайдубалы толугу менен түптөлүп бүттү.
Аны менен бирге жолдун жана таза суу берүүчү объектилерди куруу иштери улантылып, саркынды суу тазалоочу курулмалар салынууда.

