Бул тууралуу мэрия билдирди.
Мэриянын маалыматы боюнча, 11-сентябрдан баштап Айтматов проспектисинин Масалиевден Семетей көчөсүнө чейинки бөлүгү кечки саат 22:00дон кийин унаалар үчүн жабылбайт. Жол күнү-түнү унаалар үчүн ачык болот.
«Мындай чечим шаардыктар жана айдоочулар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатуу, ошондой эле жол агымын жөнгө салуу максатында кабыл алынды», — деп айтылат маалыматта.

