Саясат

Президент Бишкектеги «Ак-Кула» ипподромуна пландан тышкары барды

Президент Садыр Жапаров кечээ, 3-мартта, Бишкек шаарындагы «Ак-Кула» ипподромуна пландан тышкары барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, мамлекет башчысы ипподромду кыдырып, анын учурдагы абалын көрүп чыкты.

«Садыр Жапаров заманбап жаңы ипподром куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча сунуштарды киргизүүнү, ошондой эле учурдагы ипподромду бузуп, анын ордуна калкка жеңилдетилген ипотекалык насыя менен берилчү көп кабаттуу үйлөрдү салуу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды», — деп жазды Султанбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button