Атамбаевдин үйүнүн ордуна карылар үйү жана бала бакча курулат


Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Тимур Малбашев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жеринин жарымына карылар үйү, жарымына бала бакча куруларын айтты.

Ал Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү жайгашкан жер мамлекетке тиешелүү болгонун соттун чечими менен жер мамлекетке кайтарылганын билдирди.

“Жер тилкесинин жарымына заманбап карылар үйү курулуп, ага Ысык-Ата районунан жана Бишкек шаарынан келгендер көчүрүлөт. Ал эми экинчи жарымына жакынкы айылдардын балдары үчүн 500 орундуу бала бакча курулат. Курулуш иштери жакынкы күндөрү башталып, кийинки жылга бүткөрүлөт. Ал эми Бишкек шаарындагы карылар үйүнүн ордуна ипотекалык көп кабаттуу үйлөр түшөт”, — деди ал.

Тимур Малбашев мамлекетке таандык болуп, кийин жеке колдорго өтүп кеткен мүлктөр менен жер тилкелери ушул тапта мамлекетке кайтарылып жатканын кошумчалады. Буга Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевге таандык Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү үй мамлекетке өткөрүлүп, ордуна реабилитациялык борбордун курулганын мисал келтирди.

12-сентябрда Алмазбек Атамбаевдин уулу, “Социал-демократтар” партиясынын лидерлеринин бири Кадырбек Атамбаев сот аткаруучулар өзүн, апасын жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн Кой-Таштагы үйүнөн чыгарып жатышканын кабарлап, муну “мыйзамсыз” деп атаган.