Коом

Кыргызстандагы мектеп директорлору төрт багытта окутуудан өтөт

Кыргызстандагы мектеп директорлору төрт багытта окутуудан өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев бүгүн, 22-мартта Чүй облусундагы билим берүү маселелери боюнча көчмө коллегияда билдирди.

Министрдин айтымында, өлкө боюнча 2 миң 500 директор бар. Алар төмөнкү багыттар боюнча окутуудан өтүшөт:

— азыркы замандагы мектеп директору кандай болушу керек?

— мектеп директору ар кандай эл аралык коомчулуктан, каржылык институттардын грант алуу үчүн кантип долбоор жазуу керек?

— ЖРТда кантип жалпы деңгээлди көтөрүү керек?

— PISA-2025 эл аралык изилдөөсүндө Кыргызстандын беделин көрсөтүү үчүн даярдыктарды күчөтүү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button