Коом
Жалал-Абаддын Атай айылында 74,4 млн сомго бала бакча куруу пландалууда
Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунун Атай айылында 100 балага ылайыктуу бала бакча куруу пландалууда.
Мамлекеттик сатып алуулар порталында бала бакчанын курулушуна 74 млн 457 миң 275 сом кетери жазылат.
Конкурска билдирүүлөрдү 12-апрелге чейин тапшыруу керек.