Коом

Акматов: “Атыр Абдырахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүүгө себептер бар”

Акыйкатчы институтунун мурдагы кызматкери Азим Акматов “ПолитКлиника” басылмасына берген маегинде Акыйкатчы инстутунда болуп жаткан жат көрүнүштөргө  жана  жетекчиси Атыр Абдрахматованын  туура эмес ишмердүүлүгүнө токтолду.

Анын айтымында, учурдагы Акыйкатчы Атыр Абдырахматова жарандардан келген кайрылууларды бир айлап карабай калган учурлар болгон.

-Атыр Абдырахматованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүүгө себептер бар. Анын механизмдерин баары эле билет. ЖКда  Акыйкатчы институтунун жылдык баяндамасын берди, биринчи комитеттен өтүп, анан парламент кабыл алабы албайбы чечилет. Бирок башынан эле бул жерде туура эмес кетип калды. Анткени комитеттен каралып жатканда, кабыл алабыз, албайбыз  деген маселе коюлбай эле, “принят к сведению” деген ал мыйзамда деле жок.  Анан ошол комитет менен эле парламентке чыгып калды. Кийинчерээк “Ата журт” фракциясы бул баяндаманы кабыл албайлы деген сунуш киргизип жатат. Ошол фракциянын сунушу добушка коюлуп өтүп кетип жатат. Эми процедурный катаны оңдойбуз деп кайра комитетке жиберип жатканы регламентте так каралганбы мен аны так билбейм, ЖКнын юристери жакшы биле алат.

Мен анын  себептери тууралуу айтайын.  Анткени  Атыр Абдрахматованын сыртка иштеп жүргөнү аябай жакшы көрүнөт. “Мен Баткенге бардым, Каджы-Сайга бардым, тигиге жардам бердим, мен элди кабыл алдым, арыздардын 30-40-50% аткардым” деп ошонун баары отчетко киргизилген.  Бирок, коллективдин ичинде иштеп жаткандар так билет. Мисалы, кайрылган адамдардын арыздары жумалап жатат. Мен башкы адис катары ар бир арызды колум менен кармап, өз колум менен алып кирип, даярдап жүргөн киши катары айтып жатам. Ар бир арызга эки жуманын ичинде жооп берүү керек. Бир айдын ичинде чечим чыгыш керек. Арызды туура жаздыбы, туура эмес жаздыбы деген сыяктуу. Чындыгында Атыр Абдрахматова келгени ошол арыздар айлап жатып калып жатат столунда.  Себеби ал карабайт. “Общий отдель” (Жалпы бөлүм)  арыздарды карап адистерге таратат.  Укук коргоо маселеси боюнча өз адисине, социалдык багыт боюнча өз адисине берилет. Мындай бөлүмдөр аппараттын ичинде көп. Арыздар болсо айлап жатат. Анан мөөнөтү өткөндөн кийин адистердин артынан түшүп калат, “сен контрольный срокторун өткөрүп жибердин” деп.  Анан эмне кылат кичинекей адис, эгер арыз Атыр Абдырахматованын столунда жатса. Бир айдан кийин издеп барат, издеп барса жарымысы жок болуп кетет. Биз негизи бюрократияны жамандайбыз, бул механизм жок дегенде ушул чиновниктерди кичине тыйып турганга жазылган. Бул бир.

Ушуну башкы прокуратура бизди текшерип келгенде, кызматкерлер  кароо мөөнөтүн өткөрүп жиберип жатат деп Атыр Абдырахматова өзүн актап айтып жатат кайра. Өзү карабай койгон маселени жөнөкөй кызматкерлерге жүктөп жатат.  Бирок коллектив Башкы прокуратурага башка маселе менен кайрылган. Мисалы, командировочныйды мамлекеттик бюджеттен  алып туруп кете берет. А командировкага бара жаткан тарап тосуп алат, алар төлөшү керек болгон каражатты, мамлекеттин бюджетинен алып жатпайбы өз чөнтөгүнө.  Норвегия, Италия, Швецияга барды. Иштегенине бир эле жыл өттү 26 өлкөгө барып келди.

Атыр Абдырахматова тарабынан жөнөкөй, карапайым адамдардын укугу корголбой калды. Эми такыр эле каралбай калды деп айта албайм, анктени аппараттын кагаз түрлөрү жарандардын арыздары. Бизге, акыйкатчыга бизнесмендер кайрылбайт.

Мен Акыйкатчы аппаратын ичинен түшүнгөн адам катары айтсам,  Атыр Абдырахматовага элдин ичинен кашыктап чогултулган нааразычылыктар көбөйүп кетти. Акыйкатчыны иштебей койгону үчүн аны кызматтан алып жатат да. Иштеп жүргөн акыйкатчы болсо жумуштан албайт эле да.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button