Ошто 18 жаштагы кыз аттракциондон кулап каза болду


Маалыматты облустук милиция тастыктады.
Кырсык кечээ, 21-сентябрда, болгон. Кыз эсине келбей каза тапкан. Ал Кара-Суу районунун Кашкар кыштак айылынын Т.Ш. аттуу тургуну экени аныкталды.
Милиция кыз кайык аттракционунан кулаганын, ушу тапта текшерүү башталганын айтты.