Күн мурун Москва шаарында эл аралык музыкалык сынак «Интервидение-2025» жыйынтыкталды.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей,
аталган престиждүү иш-чарада «Nomad» триосу Кыргызстандын намысын коргоп, 23 өлкөнүн ичинен экинчи орунду ээледи.
Сынактын түз эфириндеги көрсөтүүсү 23төн ашуун өлкөнү камтып, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон көрүүчүлөрдү өзүнө тартты.
Белгиленгендей, кийинки «Интервидение-2026» сынагын өткөрүү укугу Сауд Аравиясына берилди.

