Президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайды өткөрүү боюнча жарлыкка кол коюп, ал «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланды.
Элдик жыйын 22-декабрга дайындалды. Жалпы 700 делегат катышат.
«Курултайды өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлөт. Делегаттарды шайлоо тартибин Улуттук кеңеш аныктайт», — деп айтылган документте.
Жарлыкка ылайык, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына курултайды өткөрүү боюнча, башкача айтканда, делегаттарды шайлоону уюштуруу, коопсуздукту сактоо сыяктуу тапшырмалар берилди.

