Быйыл Баткен облусунда 15 миң тоннага жакын күрүч жыйноо пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Өкүлчүлүк Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында күрүчтүн түшүмүн жыйноо кызуу жүрүп жатканын белгилейт. Дыйкандардын айтымында, алар бир гектардан 37 центнерге чейин түшүм алууда.
Кадамжай районунда 3220 гектар күрүч талаасы бар. Жылына андан 12.2 миң тоннадай күрүч жыйналат.
Күрүч өлкөнүн ички базарларына сатылып, Өзбекстан, Казакстан, Россия жана Америкага чейин экспорттолот.
«Учурда дүйнөлүк рыноктун талаптарына ылайык, күрүчтү таңгактоо менен экспорттоо колго алынууда. Учурда облуста эки ишкана заман талабына жараша иш алып барууда. Алдыда дагы бир ишкана ачылуу алдында турат», — деп айтылат маалыматта.
Өкүлчүлүк билдиргендей, райондо күрүчтү кургаткан алгачкы ишкана ачылып, дыйкандар күрүчтү жолго жайып кургатуу машакатынан арыла баштады.
Кадамжай районунан сырткары күрүч Лейлек районунда 338 гектар, Баткен районунда 325 гектар жерге эгилген. Быйыл облуста жалпы 15 миң тоннага жакын күрүч жыйноо пландалууда.

