Бишкектеги жол тыгындан улам келин төрөтканага жетпей көз жарды


Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 26-сентябрда болгон. Келин Кайгуул милициянын унаасында көз жарган.

Кайненеси төрөт үйүнө баратып жолдогу тыгында туруп калышканын, келинин төрөт үйүнө милиция кызматкерлери алып жөнөшкөнүн билдирип, аларга ыраазычылык айтты.