Бишкекте 4 күн катары «Жамийла» мюзикли көрсөтүлөт


Ушул жылдын 14–15–16–17-октябрында Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде сахналаштырылган «Жамийла» мюзикли көрсөтүлөт.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, мюзиклде тунук сүйүү менен эркиндикке умтулуу, адамдардын татаал тагдырлары, кайгысы менен кубанычы, Ата Мекенге болгон чексиз сүйүү көркөм чагылдырылган.

«Жамийла» мюзикли — тунук сүйүүнү жана анын улуу күчүн, адамдардын татаал тагдырларын, алардын кайгылары менен кубанычтарын, Ата-Мекенге болгон чексиз сүйүүнү чагылдырган чыгарма.

Мюзиклдин урааны: «Экөөнүн сүйүүсү – капастан учуп чыккан эркин куш сыяктуу эле»