Бишкекте кылмыштуу топту жетектеген чет элдик жаран кармалды


Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал Варшаванын Интерпол улуттук борбордук бюросу тарабынан издөөдө жүргөн 1969-жылы туулган А.Г.М. аттуу чет элдик жаран болгон.

Маалыматтарга караганда, кармалган жаран Варшавада тоноо, опузалап талап кылуу, баңги жана психотроптук заттарды сатуу, жасалма акча жүгүртүү, мыйзамсыз курал-жарак сатуу, алдамчылык жана жасалма документтер менен алектенген кылмыштуу топту жетектеген.

Ошентип, кылмышкерлер мыйзамсыз жүгүртүүгө 18 килограммдан кем эмес амфетаминди, ири өлчөмдөгү психотроптук заттарды, анын ичинде 16 500 даанадан кем эмес метилдиоксиметамфетамин (экстази) таблеткаларын жана 6 килограммдан ашык марихуананы, 100 злотый жасалма банкнотторун, жалпы баасы 600 000 злотыйдан кем эмес жүгүртүүгө киргизишкен.

Мындан тышкары, алдамчылык банк схемасы уюштурулуп, 8000 злотый насыя алууда негизги ролду ойногон.

КР ИИМинин кызматкерлери А.Г. М. аттуу жаранды Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирди