Баткенде кыз ала качууга шектелген үч жаран кармалды


Бул тууралуу облустук милициядан билдириштиү

Маалыматка ылайык, 5-октябрда саат 19:15 чамасында Кызыл-Кыя ШИИБге шаардын көп кабаттуу үйүнүн алдынан бир кызды үч жаран күч колдонуп, ак түстөгү “Дэу Ланос” үлгүсүндөгү автоунаага салып алып качып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Ошол замат электрондук журналга катталып, тергөө иштерине даярдык башталган. Окуяга байланыштуу шаар аймагына “Курчоо” планы киргизилип, тиешелүү шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнө багыттамалар таратылган.

Ыкчам тергөө тобунун иш-аракеттеринин негизинде Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагынын тургундары 30 жаштагы Б.Э., 31 жаштагы Т.Н. жана Д.Р. алдын ала сүйлөшүп, 18 жаштагы А.Бны анын эркине каршы ала качууга барышканы аныкталды.

Кызды эркине каршы күч колдонуу менен автоунаага салып, Кадамжай районунун Тегирмеч айылындагы Э.Бнын таандык үйгө алып кетишкен.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Никеге туруу максатында ала качуу) боюнча кылмыш иши козголуп, аталган үч жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаасы айып токтотуучу жайга киргизилди.