Май куюучу жайда дрифт жасаган айдоочуларга айып салынды


Автоээнбаштык жасаган айдоочуларга 30000 миң сом айып пул салуу менен унаалары айып короо жайына токтотулду. Бул тууралуу кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Аламүдүн районун Беш-Күнгөй айылында жайгашкан “Бишкек Петролеум” күйүүчү майдын айланасынын автоээнбаштык жасаган унаалар тууралуу видео тасма жарык көргөн.

Бул факты боюнча иш-аракеттер жүрүп, “Мереседес Бенц” үлгүсүндөгү унаалардын айдоочуларына ар бирине 15000 миң сомдон айып салуу менен унааларын айып короо жайына токтотушту.