Ак-Ордодогу эки адамдын өлүмүнө шектелген жаран кармалды


Укук коргоо органдары Ак-Ордо-3 жаңы конушунда эки кишини өлтүрүүгө шектүүнү кармаганын 7-октябрда ЖМКлар кабарлады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал каза болгондор менен эч кандай байланышы болгон эмес.

Белгилей кетсек, шектүүнү аныктоо жана кармоо анонимдүү чалуунун аркасында ишке ашкан.

Башка маалыматтар азырынча белгисиз.

Кылмыш 3-октябрга караган түнү болгон. Ынтымак көчөсүндөгү үйгө белгисиз адам кирип келип, 34 жаштагы кишини жана анын 36 жаштагы эжесин өлтүргөн. Маркумдун жубайы үч баласы менен качып кетүүгө үлгүргөн.