VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюну ШКУнун саммити менен бир убакта болот


Президент Садыр Жапаров 7-октябрда Азербайжандын Габала шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 12-саммитинде сөз сүйлөдү.

Ал Кыргыз Республикасы уюмда төрагалык кылган бир жылдык мөөнөттү «жоопкерчиликтүү жана маанилүү мезгил» деп мүнөздөп, бул аралыкта 124төн ашык жогорку деңгээлдеги иш-чара өткөнүн белгиледи.

Мамлекет башчысы экономика, соода, инвестиция жана каржы жаатындагы кызматташтык боюнча Жол картасынын долбоору иштелип чыкканын айтты. Ошондой эле санарип кол тамгаларды өз ара таануу боюнча макулдашуу демилгесин сунуштады.

Президент 18-сентябрда Бишкекте өткөн өкмөт башчылар деңгээлиндеги биринчи жолугушууну төрагалыктын маанилүү жыйынтыгы катары баалады.

Ал ошондой эле 2026-жылы Кыргызстанда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөрүн, оюндардын ачылышы ШКУнун саммити менен бир убакта болору пландалып жатканын билдирди жана мүчө мамлекеттерди ардактуу конок катары катышууга чакырды.

Жыйынтыгында Садыр Жапаров төрагалыкты Азербайжанга өткөрүп берип, ТМУнун бардык мүчөлөрүнө колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле уюм өкүлдөрүн 30-ноябрдагы парламенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышууга чакырды.