Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө чоң салым кошкон мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун өмүрүнө жана мурасына арналган “Жусуп” аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык фильмди өндүрүшкө жиберди.
Тасмада Абдрахмановдун татаал тагдыры жана улуттук мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөөдөгү чечүүчү ролу чагылдырылат.
Долбоор улуттук тарыхтын маанилүү барактарын эске салуу жана жаңы муунга мекенчилдик рухун жеткирүү максатын көздөйт.
Фильмдин режиссёру — КР маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев. Учурда ролдорго кастинг жана тасманы тартууга жерлерди аныктоо иштери жүрүүдө. Фильм Москва, Санкт-Петербург, Ташкент шаарларында жана Кыргызстандын аймактарында тартылмакчы.
Фильмдин бет ачары 2026-жылдын 25-августуна белгиленип, ал Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун 125 жылдык мааракесине арналат.

