9-октябрга карата аба ырайы


Бүгүн республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +16…+21, Талас аймагында +15…+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көл өрөөнүндө +14…+19, Нарын жергесинде +12…+17 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +18…+20, Ош шаарында +19…+21 градуска чейин көтөрүлөт.